FIFA рейтингинде Кыргызстандын курама командасы 25 орунга төмөндөдү

© Фото / пресс-служба ФФКРКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын улуттук курама командасы быйыл 7-апрелде 100-орунга чыккан. Сентябрдагы рейтингде 99-орунду камсыздаган.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы FIFA рейтингинде 25 орунга төмөндөп кеткен.

Кыргызстандын улуттук курама командасы быйыл 7-апрелде 100-орунга чыккан. Сентябрдагы рейтингде 99-орунду камсыздаган. Эми октябрдагы рейтингде 124-орунга илинди.

Мыкты футболчуларга сыйлык тапшыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте мыкты футболчуларга сыйлык тапшыруу аземи өтөт
Айдын эң мыкты курама командасы деп Армения табылган. Ал 38 орун жогору көтөрүлүп, 87-орунду ээледи. Ал эми эң начар команда деп Чад мамлекетинин командасы эсептелди. Ал 49 орун ылдыйлап, 152-орунга татыган.

Рейтингдин көч башында Аргентина келе жатса, экинчи орунду Бразилия жана үчүнчүнү немистер ээлеген.

Азия футбол конфедерациясына мүчө мамлекеттердин башында Иран (30-орун) турат.

Эске салсак, Кыргызстандын курама командасы бул айда Филиппиндер жана Бахрейндин командалары менен алардын талаасында ойноду. Филиппиндиктерге 1:0 эсебинде утулса, Бахрейндин командасы менен 0:0 эсебинде тең чыккан

Жаңылыктар түрмөгү
0