"Алтын топ": КР командасынын капитаны жана машыктыруучусу кимге добуш берди

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининдин архивдик сүрөтү
Кыргызстандын улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алардын добушу "Алтын топ – 2016" ээсин тандоодо эске алынат. Капитан жана машыктыруучу эң мыкты футболчуларды жана устаттарды атады.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин жана учурдагы команданын капитаны Ислам Шамшиев дүйнө боюнча ушул жылдын мыкты оюнчу жана мыкты машыктыруучусун аныктоо үчүн добуш беришти. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясы билдирди.

Кыргызстандын футбол оюнчулары беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
FIFA рейтингинде КР курамасына берилген божомол кайрадан каралды
Алардын добушу "Алтын топ – 2016" ээсин тандоодо эсепке алынат. Крестининдин пикирине караганда ушул жылдын мыкты оюнчусу Лондондун "Арсенал" жана Германия курамасынын жарым коргоочусу Месут Озил болуп саналат. Машыктыруучу экинчи орунду "Реалдын" чабуулчусу жана Португалиянын курамасындагы Криштиану Роналдуга берди. Ошондой эле ал дүйнөдөгү мыкты оюнчу катары Лионель Мессини атады.

Крестинин FIFA версиясы боюнча сурамжылоодо ушул жылдын мыкты машыктыруучусу катары биринчи орунга "Бавариянын" мурдагы устаты жана "Манчестер Ситинин" учурдагы машыктыруучусу Хосеп Гвардиоланы койду. Экинчи орунду Маурисио Почеттиного ("Тоттенхэм"), үчүнчүнү Диего Симеонеге ("Атлетико Мадрид") берди.

Ал эми Ислам Шамшиев 2016-жылдын мыкты машыктыруучусу катары Хосеп Гвардиоланы атап, экинчиликке Зинедин Зидан ("Реал"), үчүнчү орунга болсо Португалиянын курамасынын машыктыруучусу Фернанду Сантушту татыктуу деп атады.

2016-жылдын мыкты футболчусуна "Алтын топту" жана мыкты машыктыруучуга, эң кооз гол киргизген авторго байге берүү аземи кийинки жылдын 9-январында Цюрихте өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0