Экс-муфтий Мураталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган спорттук мелдеш өтөт

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүВолейбол. Лига чемпионов. Матч "Кунео" - "Закса"
Волейбол. Лига чемпионов. Матч Кунео - Закса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таймашта диний уюмдардын жана диний окуу жайлардын студенттери футбол, волейбол оюндары боюнча күч сынашат.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бүгүн, шаршемби күнү Кожомкул атындагы спорт ордосунда экс-муфтий Мураталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган спорттук мелдеш өтөт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Аталган иш-чара Мураталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналуу менен бирге ынтымакты, биримдикти чыңдоо максатында уюштурулуп жатат.

"Таймашта диний уюмдардын жана диний окуу жайлардын студенттери футбол, волейбол оюндары боюнча күч сынашат", — деп айтылат маалыматта.

Бул иш-чара салтка айланып жыл сайын күз жана жаз мезгилдеринде өткөрүлүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0