FIFA рейтингинде КР курамасына берилген божомол кайрадан каралды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол оюнчулары беттеш учурунда. Архив
Кыргызстандын футбол оюнчулары беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук команда ушул жылдын 7-апрелинде дүйнөлүк тизмеде 100-орунду ээлеп эң жогорку көрсөткүчкө жеткен. Бирок кийинчерек бул өңүттөн тая баштаганы менен октябрь рейтинги боюнча команда секирик жасап 99-сапка илинип рекорд жаңырткан.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. football-rankings.info сайты ноябрь айында FIFA рейтингинде Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 24 позицияны жоготоорун болжоп жатат.

Развитие футзала в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын футзал боюнча чемпионатынын герби пайда болду
Бирок бул божомол 28-октябрда айтылган божомолго караганда жакшыраак. Анткени анда команда 28 позицияга (127-орун) түшөт деп айтылган. Упайлардын саны 87ге төмөндөп 256ны түзмөк.

КРдин курамасы азыркы божомолго ылайык рейтингде 24 сапка түшүп, 265 упай менен 123-орунга туш келет.

Улуттук команда ушул жылдын 7-апрелинде дүйнөлүк тизмеде 100-орунду ээлеп эң жогорку көрсөткүчкө жеткен. Бирок андан кийин бул өңүттөн тая баштаганы менен октябрь рейтинги боюнча команда секирик жасап 99-сапка илинип рекорд жаңырткан. 

Буга чейин Кыргызстандын курама тобу эки расмий оюн ойноду: Филиппиндерге жеңилсе (0:1), Бахрейн менен тең чыккан (0:0).

Жаңылыктар түрмөгү
0