Кыргызстанда стипендия алган жеңил атлетчилердин саны кыскарат

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүЖеңил атлетчилер. Архив
Жеңил атлетчилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө 300дөн ашуун спортчу стипендия алат, анын ичинде 30 жеңил атлетчи бар.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда жеңил атлетчилердин саны кыскарат. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башчысы Канат Аманкулов билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкекте машыктыруучулардын катышуусунда жеңил атлетика боюнча семинар өткөрүлөт. Ага Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысы Иван Щербаков, башкы жана улук машыктыруучулар менен аймактагы машыктыруучулар катышат.

Аманкуловдун айтымында, бүгүнкү күндө 300дөн ашуун спортчу стипендия алат, анын ичинде 30 жеңил атлетчи бар.

"Спортчуларды 3-4 эсеге кыскартуу чечими чыгарылды. Мамлекет жыйынтык көрсөткөндөргө гана акча бөлүп бермей болду. 2018-жылы өткөрүлө турган Азия оюндарына жана 2020-жылы болчу Олимпиадага даярдануу үчүн болушунча жакшы шарттар түзүлмөй болду", — деди Аманкулов.

Анын айтымында, стипендия спортчуга материалдык маселесин чечип алууга эмес, машыгуу үчүн төлөнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0