Бишкекте мыкты футболчуларга сыйлык тапшыруу аземи өтөт

© Фото / Айша КамиловаМыкты футболчуларга сыйлык тапшыруу. Архив
Мыкты футболчуларга сыйлык тапшыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыкты деп табылган футболчулар 10 номинация боюнча сыйланат.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бишкекте 26-ноябрда мыкты футболчуларды аныктаган FFKR Football Awards аттуу сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлөт. Бул тууралуу Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара быйыл экинчи жолу өтүп жатат. Анда футбол тармагындагы мыктылар аныкталып, оюнчулар 10 номинация боюнча сыйланышат. 

Белгилей кетсек, буга чейин футбол федерациясы футболчуларга добуш берүү башталганын маалымдаган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0