Букмекерлер Кыргызстандын футболчулары Бахрейнди утарына ишенбейт

© Sputnik / Табылды КадырбековСборная Кыргызстана по футболу
Сборная Кыргызстана по футболу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Манама шаарында бүгүн Кыргызстан менен Бахрейндин курама командалары беттешет. FIFA рейтингинде Кыргызстан 99-орунда болсо, Бахрейн 123-орунда турат.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Букмекерлик компаниялардын бири кыргызстандык оюнчулардын бахрейндиктерди утаарына ишенбей турганын билдирди.

Товарищеский матч по футболу между сборными Кыргызстана и Ливана - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын футболчулары Бахрейнде машыга баштады
Оюн бүгүн Бахрейндин борбору Манама шаарындагы улуттук стадиондо Бишкек убактысы менен саат 21.00дө башталат. Жалпысынан эки мамлекеттин командалары буга чейин 5 жолу беттешсе, алардын төртөө расмий болгон. Бардык расмий оюндар Кыргызстандын жеңилүүсү менен аяктаган. КР оюнчулары расмий эмес бир гана беттешти уткан.

Кыргызстандын жеңүү коэффициенти 8,8 ал эми Бахрейндики 1,29. Тең чыгат деген коэффициент 4,9. Эскерте кетсек, коэффициент канчалык төмөн болсо, утууга болгон коюму ошончолук чоң болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0