15:05 09 Теке 2020
Түз эфир
  • USD78.0266
  • EUR88.0062
  • RUB1.0953
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
129 0 0

Добуш берүү 10-ноябрда башталып, 25-ноябрга чейин созулат.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Интернет колдонуучулар Кыргызстандын өтүп бараткан чемпионатындагы алдыңкыларын аныктоодо. Бул тууралуу КР Футбол лигасы маалымдады.

Футбол боюнча өлкө биринчилиги 29-октябрда аяктаган. Анда жети команданын ичинен Оштун "Алай" командасы 45 упай топтоп чемпион аталган. 

Оюндун жеңүүчүлөрү эки этап менен аныкталат. Биринчи этапта чабуулчу жана машыктыруучулар оюнчуларды дарбазачы, коргоочу, жарым коргоочу, капитан жана машыктыруучу номинациялары боюнча тандайт.

Ал эми экинчи этапта социалдык тармактан берилген добуш менен мыктылар тандалат. Интернеттеги эң көп добуш алган оюнчу жеңүүчү болот. Добуш берүү этабы 10-ноябрда башталып, 25-ноябрга чейин созулат.

Финалга чыккандар:

2016-жылдагы Жогорку Лиганын мыкты дарбазачысы:

  • Калыс Акималиев ("Абдыш-Ата")
  • Валерий Кашуба ("Дордой")
  • Абдуазиз Махкамов ("Алай").

2016-жылдагы Жогорку Лиганын мыкты коргоочусу:

  • Ильяз Алимов ("Алай")
  • Тамирлан Козубаев ("Дордой") 
  • Курсан Шератов ("Дордой").

2016-жылдагы Жогорку Лиганын мыкты жарым коргоочусу: 

  • Одилжон Абдурахманов ("Алай")
  • Анатолий Власичев ("Дордой")
  • Ислам Шамшиев ("Дордой"). 

2016-жылдагы Жогорку Лиганын мыкты чабуулчусу:

  • Максат Алимов ("Алай")
  • Мирбек Ахматалиев ("Алга"/"Дордой")
  • Алиа Силла ("Алай"). 

2016-жылдагы Жогорку Лиганын мыкты машыктыруучусу:

  • Александр Бельдинов ("Алга")
  • Руслан Сыдыков ("Дордой")
  • Айбек Татанов ("Алай").

Тема боюнча

Кыргызстандык футболчулар филиппиндиктерге утулуп калды
"Дордой" футбол боюнча эл аралык балдар турниринде үчүнчү орунду ээледи
Белгилер:
оюн, Жогорку лига, машыктыруучу, футбол

ЭҢ МААНИЛҮҮ