Кыргызстандын футболчулары Бахрейнде машыга баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековТоварищеский матч по футболу между сборными Кыргызстана и Ливана
Товарищеский матч по футболу между сборными Кыргызстана и Ливана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдоштук беттешүү 15-ноябрда өтөт. Бахрейндеги оюн 2019-жылы өтө турган Азия кубогунун тандоо туруна даярдануу болуп саналат.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бахрейнге каршы оюнга даярдануу максатында Манама шаарына келишти. Бул тууралуу КР Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининдин архивдик сүрөтү(оңдо) - Sputnik Кыргызстан
Машыктыруучу Крестинин: колубузда турган мүмкүнчүлүктү алдырып жибердик
Жолдоштук беттешүү 15-ноябрда өтөт. Бахрейндеги беттеш 2019-жылы өтө турган Азия кубогунун тандоо туруна даярдануу болуп саналат.

Атамекендик футболчулар Бахрейнге 9-ноябрда Филиппинде өткөн беттештен соң барышкан. Маниладагы беттеште кыргыз футболчулары 1:0 эсебинде атаандаштарынан утулуп калган.

Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) көрсөткүчү боюнча Кыргызстан 99-орунда болсо, ал эми Бахрейн 123-катарда.

Азия кубогунда кыргызстандыктардын атаандашы ким болору кийинки жылдын башында белгилүү болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0