Кыргызстандык шахматчы Казакстанда өткөн турнирде алтын медаль тагынды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандык шахматчы Семетей Төлөгөн тегиндин архивдик сүрөтү
Кыргызстандык шахматчы Семетей Төлөгөн тегиндин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык шахматчы эл аралык нормативи бар 10 чебердин ичинен эң мыктысы аталды.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык шахматчы Семетей Төлөгөн тегин Казакстанда өткөн эл аралык турнирде алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу КРдин Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов билдирди.

Машыктыруучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан биринчи жолу ушу-саньда боюнча дүйнө кубогунда алтын алды
Анын айтымында, мелдеш Карагандада (Казакстан) өткөн. Акыркы таймаш 9-ноябрда болгон.

Турнирде Казакстан, Россия, Кыргызстан, Украина жана Тажикстан өлкөлөрүнүн шахматчылары катышып, жалпысынын 10 адам ат салышкан. Алар айланма системасы боюнча бири-бири менен ойногон. 

Семетей Төлөгөн тегин жети жолу жеңишке жетишип бир партияда тең чыккан. Оюндун акырында 7,5 упай топтоп биринчи орунду ээледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0