Машыктыруучу Крестинин: колубузда турган мүмкүнчүлүктү алдырып жибердик

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининдин архивдик сүрөтү(оңдо)
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининдин архивдик сүрөтү(оңдо) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Манила шаарында Кыргызстан менен Филиппин курама комнадаларынын ортосунда футболдук мелдеш өтүп, анда атамекендик оюнчулары атаандашынан 1:0 эсебинде жеңилип калды.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Кыргызстан менен Филиппин оюнунун жыйынтыгы начар болгонун белгилеп, колдо турган мүмкүнчүлүктү алдырып жибергенин айтып өкүндү.

Кечээ Манила шаарында Кыргызстан менен Филиппин курама комнадаларынын ортосунда жолдоштук беттеш өтүп, анда атамекендик футболчулар каршылаштарынан 1:0 эсебинде жеңилип калышкан.

"Топ киргизүүгө көп мүмкүнчүлүктөр болуп жатты. Бирок жыйынтыгында биз бир да топ киргизе албай койдук. Колубузда турган мүмкүнчүлүктү алдырып жибердик. Жок дегенде тең чыксак жакшы болмок. Кетирген катабызды эми оңдоого аракет кылабыз. Оюндун жыйынтыгы мени абдан капалантты", — деди башкы машыктыруучу.

Статистикага таянсак, филиппиндиктер дарбазага болгону бир жолу сокку уруп анын жыйынтыгында топ дарбазага кирип кеткен, ал эми Кыргызстан дарбазага 10 жолу топ урган, бирок бирөө да дарбазага кирген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0