Коргоочу Валерий Кичин Филиппин менен боло турган футболдук оюнга катышпайт

Жазылуу
Жарааты айыга элек коргоочу Бахрейн менен ойноло турган футболдук мелдешке даяр болуп калары күтүлүүдө.

БИШКЕК, 7-ноя.— Sputnik. Футбол боюнча улуттук курама команданын сол канатынын коргоочусу Валерий Кичин Филиппин менен ойноло турган мелдешке катыша албай турганын Футбол федерациясы маалымат кызматы билдирди.

Футболдук мелдеш 9-ноябрда өткөрүлөт. Бул убакытка чейин курама команда Манила шаарында оюнга даярдык көрүүдө.

Федерациянын маалыматтарына ылайык, Кичин мурунку оюндан алган жарааты айыкпагандыктан оюнга катыша албай калган. Коргоочу 15-ноябрда Бахрейн менен ойноло турган футболдук мелдешке даяр болуп калары күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0