Америкалык мушкер россиялык атаандашын 16-секундда нокаутка чапты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүММА боюнча оор салмактагы белгилүү россиялык мушкер Сергей Харитоновдун архивдик сүрөтү
ММА боюнча оор салмактагы белгилүү россиялык мушкер Сергей Харитоновдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жарым жылдан бери мелдешке чыкпаган россиялык мушкер Bellator MMA беттешинде утулуп калды.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. ММА боюнча оор салмактагы белгилүү россиялык мушкер Сергей Харитонов Bellator беттештеринин алкагындагы алгачкы оюнда утулуп калганы уюмдун Twitter сайтындагы расмий баракчасында маалымдалды.

​Беттеш 5-ноябрга караган түнү Анкасвилл шаарында өткөн. Харитонов америкалык мушкер Жейви Айялга каршы чыккан, бирок ал болгону 16 секундга гана созулган.

36 жаштагы Харитонов бир жарым жылдык тыныгуудан кийин Bellator MMA мелдештерине чыккан болчу. Спортчу ушуну менен карьерасында алтынчы жолу жеңилүү ызасын тартып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0