КР чемпионаты: дзюдочулар 2017-жылы өтө турган Азия биринчилигине даярданып жатат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүДзюдочулар. Архив
Дзюдочулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чолпон-Атада боло турган Кыргызстандын чемпионатына 250 спортчу катышат.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Жаштар арасындагы дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпионаты бейшемби күнү Чолпон-Ата шаарында башталат. Бул тууралуу КРдин Дзюдо боюнча федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык эки балбан студенттер арасындагы күрөш боюнча чемпион аталды
Биринчилик 3-ноябрдан 5-ноябрга чейин өтүп, 17-19 жаштагы кыз-жигиттер арасында болот.

Федерациядан маалымдагандай, Кыргызстандын бардык аймактарынан жалпысынан 250 спортчу катышуусу күтүлүүдө. 

Турнирдин жеңүүчүлөрү дзюдо боюнча Кыргызстандын курамасына кирүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар. Алар 2017-жылы июль айында боло турган Азия чемпионатына катышат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0