Кыргызстандык эки балбан студенттер арасындагы күрөш боюнча чемпион аталды

Жазылуу
Түркиянын Чорум шаарында өткөн мелдеш 26-октябрда башталып, 30-октябрда жыйынтыкталган. Жалпысынан Кыргызстандын атынан тогуз спортчу мелдешке катышкан.

БИШКЕК, 1-ноя.— Sputnik. Күрөш боюнча студенттер аралык дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курама командасы беш медаль менен кайтты. Бул тууралуу чемпионаттын расмий сайты маалымдады.

Кыргызстандык балбан Каныбек Жолчубековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык балбан күрөш боюнча дүйнө чемпиону аталды
Түркиянын Чорум шаарында өткөрүлгөн мелдеш 26-октябрда башталып, 30-октябрда жыйынтыкталган. 

Дүйнөлүк биринчиликтен 59 килограммга чейинки салмак категориядагы Каныбек Жолчубеков жана 75 килограммга чейинки категорияда мелдешкен Эсен Асанов алтын медалга ээ болушту. Ал эми коло медалга Улугбек Жолдошбеков, Эламан Догдурбек уулу жана кыз-келиндер арасында Мадина Надирова ээ болушкан. Дагы эки балбан бешинчи орунду багынтса, калгандары 7-8-орундарга татыды.

Жалпысынан Кыргызстандын атынан тогуз спортчу мелдешке катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0