Футболчу Азамат Байматов: балдарын, жубайын жакшы көргөн Бекхэмди кумир тутам

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча бир нече жолку чемпиону, өлкөнүн мыкты футболчуларынын бири Азамат Байматов
Кыргызстандын футбол боюнча бир нече жолку чемпиону, өлкөнүн мыкты футболчуларынын бири Азамат Байматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азамат Байматов эмне себептен акыркы оюндарга катышпай калгандыгы жана команданын капитанын тандоодо пикир келишпестиктер тууралуу суроолорго жооп берди.

Кыргызстандын футбол боюнча бир нече жолку чемпиону, өлкөнүн мыкты футболчуларынын бири, УЕФАнын Чемпиондор Лигасында ойногон биринчи кыргыз жигити, чет жердеги футбол клубдарында эмгектенген Азамат Байматов менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.

— Азамат мырза, учурда чет мамлекетте жүрөм деп калдыңыз. Кандай жаңылыктарыңыз бар?

— Менин жашоом бул — футбол. Учурда Бахрейн мамлекетинин "Аль-Риффа" футбол клубу менен эки жылдык келишимдин негизинде иштеп жатам.

© пресс-служба ФФ КРАзамат Байматов Бахрейндеги "Аль Риффа" клубуна өтүү боюнча келишимге кол коюу учурунда
Капитан и центральный защитник сборной Кыргызстана по футболу Азамат Байматов - Sputnik Кыргызстан
Азамат Байматов Бахрейндеги "Аль Риффа" клубуна өтүү боюнча келишимге кол коюу учурунда

— Силерди акыркы оюндардан көрө алган жокпуз? Эмне себептен чыкпай калдыңар? 

— Кыргызстан курама командасынын расмий беттештеринин баарына катышыпмын. Учурда достук оюндар өтүп жатат. Акыркы эки оюнга жаштарды аралаштырып жатышат. Бул дүйнөлүк практикадагы көрүнүштөрдүн бири. Мен дагы убагында достук оюндарынан баштагам. Буюрса ноябрда боло турган оюндарга катышам.

— Команданын капитанын тандоодо пикир келишпестиктер болду деп жатышат. Азыр капитан ким?

— Башкы машыктыруучубуздун планы боюнча достук оюндарда капитандар алмашып турат. Ал айткандай бардыгынын мүмкүнчүлүгү бар. Мен дагы анын пикирине кошулам. Расмий оюндарыбыз март айында башталат. Ошол оюндун алдында командабыз менен капитанды тандайбыз. Эң татыктуу адам тандалат деп ишенем. Азыркы тапта капитаныбыз жок.

— Спорттук карьераңызда жагымсыз окуялар көп эле болсо керек. Маселен бут тосуу, жеңилүү ызасы, кысым көрсөтүүлөр дегендей…

— Футбол жашоосунда түрдүү окуялар болуп турат. 15 күн ак, 15 күн кара дегендей, жеңиштер, утулган күндөр… Ийгиликке жетүү үчүн ар кандай сыноолордон өткөнгө туура келет. Менин башымдан көп эле окуялар өттү. Алар сени чыйралтып күчтүү кылат экен. Азыр кудайга шүгүр.

© Sputnik / Табылды КадырбековДөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн кыргыз-казак курама тобунун жолдоштук беттеши
Товарищеский матч между сборными Кыргызстана и Казахстана по футболу на стадионе имени Долона Омурзакова - Sputnik Кыргызстан
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн кыргыз-казак курама тобунун жолдоштук беттеши

— Футболго аралашып калышыңызга эмне түрткү болду эле? Каалообу, максатпы же кызыгуубу?

— Кызыгуу алып келди десем жаңылышпайм. Кичинекей кезимден баштап топко жакын болчумун. Бош убактымдын баарын балдар менен мектептин стадионунда топ ойноп өткөрчүбүз.

— Эң алгачкы ийгилигиңиз эсиңиздеби? Кайсы жылы, качан болду эле?

— Биринчи жолу Кыргызстандын чемпиону болгонумду алгачкы ийгилигим деп эсептейм. "Дордой" курама командабыз менен 2008-жылы "Алтын оюнда" "Абдыш-Ата" курама командасын 1:0 эсебинде утуп, алтын медаль алганбыз.

— Эсиңизде калган эң кызыктуу кайсы оюнду айта аласыз? Ал кимдер менен болду эле?

— Эсимде калган маанилүү жана кызыктуу оюн бул Швейцарияда өткөн УЕФА чемпиондор лигасында "Цюрих" футбол клубу менен беттешкенбиз. Тилекке каршы, 2:1 эсебинде утулуп калганбыз, бирок бул Кыргызстан үчүн тарыхта кала турган оюн болгон.

— Кайсы маанилүү гол эсиңизде калган?

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР футбол курама тобу FIFA рейтингинде артка жылышы мүмкүн
— Эң маанилүү Австралия курама командасынын дарбазасына киргизген голубуз болду окшойт. Австралия — Азиянын чемпиону. Ал оюн үстүбүздөгү жылдын 16-июнь күнү Бишкекте өткөн. Эсеп 2:1 менен Австралиянын пайдасына аяктаган. Бирок 20 миң күйөрмандын алдында оюндун акыркы мүнөттөрүндө командалык голубуз "Кыргызстандын келечеги" бар дегенди билдирди.

— Футбол талаасында жеке кандай позицияларыңыз бар?

— Элестетиңиз, дарбазачы жана төрт коргоочу. Оң жакта, сол жакта жана экөө ортодо, ошолордун бирөөсү менин позициям. Андан кийин беш жарым коргоочулар. Алар дайыма алмашып турушат. Алдыда жалгыз чабуулчу. Ага жарым коргоочулар жардам берип турушат.

— Ийгиликти эске сала тургандар диплом, медалдар болуп саналат. Аларды сиз кантип сактайсыз?

— Ата-энемдин үйү Ош шаарында. Ал үйдө өзүмдүн футболдук стендим бар. Кубок, медалдарым, диплом, чет мамлекеттен алып келген сувенирлер, ар кандай буюмдар бар. Арасында гезит, журналдарга берген маектерим бар. Апам дайыма топтоп, стендге кошуп коёт. Өзүм Бишкекте турам. Кайсы мамлекетке барбайын, муздаткычка чаптайм деп магнит топтомой жайым бар.п1) Самтт —свов

— Сыртыңыздан эмоционалдуу көрүнөсүз. Чын эле ошондойсузбу?

— Ооба. Футбол өзү эмоционалдык оюн. Футбол талаасында оюн жөнүндө эле ойлоном. Концентрацияны жоготпогонго аракет кылып оюнчуларга жардам берип, сүйлөп, сүрөп турам. Оюн бүткөндөн кийин, албетте күлүп, тамашалашабыз.

— Эсиңизден кетпеген оюн талаасындагы кызыктуу окуядан айта кетсеңиз?

— Былтыр маанилүү оюнду уткандан кийин командабыздын башкы машыктыруучусу эки жакка чуркап, баш кийимин ыргытып, акырында ыйлап жиберди. Анткени бул оюн тарыхта кала турган оюн болчу.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан — Австарлия беттешинин соңунда
Кыргызстан — Австарлия беттешинин соңунда - Sputnik Кыргызстан
1/3
Кыргызстан — Австарлия беттешинин соңунда
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын курама тобу машыгуу учурунда
Кыргызстандын курама тобу машыгуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
2/3
Кыргызстандын курама тобу машыгуу учурунда
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан — Иордания беттеши
3/3
Кыргызстан — Иордания беттеши
1/3
Кыргызстан — Австарлия беттешинин соңунда
2/3
Кыргызстандын курама тобу машыгуу учурунда
3/3
Кыргызстан — Иордания беттеши

— Сизде азыр кумир тутуу сезимдери барбы?

— Менин кумирим дайыма — Дэвид Бекхэм болуп келди. Балдарын, жубайын аябай жакшы көрөт. Футболчу жана адам катары сыйлайм.

— Футболдук карьерам аяктагандан кийин эмне менен алектенем деп өзүңүзгө суроо берип көрдүңүз беле?

— Алла Таалам канчалык ден соолук берсе ошончолук ойногонго аракеттенем. Футболдук карьерам бүткөндөн кийин футбол талаасында калуу ниетим бар. Биз Азия чемпионатына чыгышыбыз керек. Эң мыкты оюндар али алдыда. Калганын убакыт көрсөтөт.

— Алдыдагы пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?

— Пландар көп. Курама командабыз менен Азияга чыкканга аракеттенебиз. Бахрейндин чемпиону болууну самайм. Анан, албетте, үйлөнүшүм керек. Келечекте мамлекетиме керектүү инсандардан болгум келет. Учурда баары жакшы. Кудайга миң мертебе шүгүр.

Жаңылыктар түрмөгү
0