КРдин самбочу ардагерлери дүйнө чемпионатында 8 медалга ээ болушту

Жазылуу
Дүйнөлүк биринчилик Хорватиянын Пореч шаарында өттү. Кыргызстандан ага тогуз спортчу катышып, сегизи медалга татыктуу болушту.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандык самбочулар ардагерлер арасындагы мелдеште күч сынашып, сегизи медалга ээ болду. Бул тууралуу Самбонун эл аралык федерациясынын сайтына жарыяланды. 

Хорватиянын Пореч шаарында өткөн дүйнөлүк биринчилик 21-октябрда башталып, бүгүн жыйынтыкталды.

Ардагерлер арасында эки алтын медалды багындырган спортчу Чынарбек Изабеков - Sputnik Кыргызстан
Чынарбек Изабеков: ардагерлер арасында жеңишке жеткенимдин бир сыры бар
Мелдештин биринчи күнү Кыргызстандын байге куржуну эки күмүш, эки коло медаль менен толукталып, күмүштү Эркинбек Үмөталиев (68 килограммга чейин) менен Абакар Рысов (100 килограммга чейин) алышты. Ал эми 74 килограммга чейинки салмак категориясында Азатбек Жумабаев менен оор салмактагы (100 килограммга чейин) Абдугапар Урбаев коло медаль тагынышты. Аталган спортчулардын баары 50-54 жана 55-59 жаш куракта күч сынашкан.

Экинчи күн андан да ийгиликтүү болуп, Талас Бегалиев 74 килогарммга чейинки салмак категориясында алтын медалга ээ болду. Кыргызстандык спортчу 35 жаштан 39 жашка чейинкилердин арасында ат салышты. 

Ал эми коло медалга Мидин Арыкбаев (82 килограммга чейин), Болотбек Шамырканов (74 килограммга чейин) жана Иличбек Чокоев (90 килограммга чейин) ээ болуп, аталган спортчулар 45-49 жаш курак ченинде күч сынашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0