Кыргызстанда футзалды өнүктүрүү үчүн казак машыктыруучу чакырылды

© Фото / пресс-служба ФФКРКыргызстандын футзал боюнча курама команданын оюнчулары машыгуу учурунда, Архив
Кыргызстандын футзал боюнча курама команданын оюнчулары машыгуу учурунда, Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Амиржан Муканов Казакстандын курама командасын тарбиялап, мындан тышкары, клубдук деңгээлде да бир топ ийгиликтерге жетишкен. Эми Кыргызстандагы бардык жаш курактагы футзалчыларды машыктырат.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Казакстандык машыктыруучу Амиржан Муканов КРдин футзалды өнүктүрүү боюнча Футбол федерациясынын техникалык директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган федерация кабарлады.

Футзал боюнча дүйнө чемпионатын жеңип алган аргентинанын курама командасы - Sputnik Кыргызстан
Футзал боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык калыс оюнга көз салды
Муканов тажрыйбалуу адис болуп саналат. 2008-жылы Казакстандын жаштар командасын мини-футбол боюнча Европа чемпионатынын финалына чейин алып барган. Бир нече жыл бою Казакстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу болгон. 

2013-жылдан тарта анын жетегиндеги "Тулпар" командасы катары менен бир нече ирет Казакстандын чемпиону аталган. Эми Муканов Кыргызстандагы бардык жаш курактагы футзалчыларды машыктырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0