Футболчу кыздар тажикстандык атаандаштары менен беттешет

Жазылуу
Кыргызстандын курама командасы Иран менен Өзбекстандын командаларынан утулуп калган.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча кыздардын курама командасы (19 жаштан ылдый) тажикстандык атаандаштары менен жолугарын КР Футбол федерациясы билдирди.

Товарищеский матч между сборными Кыргызстана и Туркменистана по футболу - Sputnik Кыргызстан
Чабуул, гол жана сүрөөн: Кыргызстан — Түркмөнстан беттешинен алынган кадрлар
Ишемби күнү Ташкент шаарында CAFA Women's Cup U-19 эл аралык турнири башталган. Ага Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Ирандын командалары катышууда. Башында алты команданын катышары белгиленген. Бирок Түркмөнстан менен Афганистандын командалары катышуудан баш тарткан.

Андыктан төрт команда бири-бири менен ойнойт. Кыргызстандык оюнчу кыздар Иран (4:1) менен Өзбекстандан (5:0) утулуп калды.

Эми футболчу кыздар Тажикстандын курамасы менен Бишкек убактысы боюнча саат 12:00дө өтөт. Ал эми саат 16:00дө Иран менен Өзбекстандын футболчу кыздары беттешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0