КРдин футболчу кыздары Ташкентте ирандыктардан утулуп калышты

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүФутбол газонундагы топтор, Архив
Футбол газонундагы топтор, Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азия өлкөлөрүнүн мелдеши Өзбекстанда өтүп жатат. Төрт курама команда CAFA Women’s Cup кубогу үчүн ат салышууда.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызстандын кыздар командасы (19 жашка чейин) Ташкентте өтүп жаткан таймашта ирандык атаандаштарынан утулуп калды. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясы билдирди.

Товарищеский матч между сборными Кыргызстана и Туркменистана по футболу - Sputnik Кыргызстан
Чабуул, гол жана сүрөөн: Кыргызстан — Түркмөнстан беттешинен алынган кадрлар
Ишемби күнү эл аралык CAFA Women’s Cup U-19 турнири башталган. Ага Борбордук Азия футбол ассоциациясынын төрт мамлекети — Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Иран катышып жатат. Алгач алты команданын ойношу пландалган.

Ирандын футболчулары менен болгон беттешүүдө кыргызстандык Айжан Боронбекова пенальтиден жалгыз топ киргизсе, атаандаштар төрт топ киргизип жеңишке жетише алышты.

Турнирдин беттештери айлампа системасы менен өтүп, бардык командалар бири-бири менен ойноп чыгат. Матчтардын баары "Жар" стадионунда өтүүдө.

Кийинки оюнда Кыргызстандын командасы өзбекстандык футболчулар менен беттешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0