Кыргызстандык балбан Изабеков дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болду

Жазылуу
Дүйнө биринчилгинде Кыргызстандын намысын үч балбан коргоду. Изабековдон сырткары медаль үчүн ИИМдин мурунку жетекчиси Мелис Турганбаев да күч сынашты. Ал эми үчүнчү балбан байгесиз калды.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Чынарбек Изабеков Польшада өткөн күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болгону Күрөштүн бириккен дүйнөсүнүн сайтында жарыяланды. 

Изабеков 46-50 жаш курак чегинде 97 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты.

Министр внутренних дел Кыргызской Республики Мелис Турганбаев - Sputnik Кыргызстан
Мелис Турганбаев коло медаль үчүн беттешти жеңип алды
Алгачкы таймашта Изабеков Түштүк Африкадан келген Фредерик Дю Преени утуп, жарым финалга чыккан. Кыргызстандык балбан 46-50 жаш курак чегинде 97 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты.

Жарым финалдык беттеште Изабеков польшалык Иренеузу Пепловский менен беттешип, атаандашын 7:0 эсебинде таза жеңиш менен утуп алган. Ал эми чечүүчү кармашта молдовалык Валерий Заболотный менен килемге чыгып, 8:0 эсебинде жеңилип калды.

Ал эми буга чейин ушул эле биринчиликте ИИМдин мурунку жетекчиси Мелис Турганбаев коло медаль үчүн польшалык Сильвестр Петро Сзыманский менен беттешип, 11:0 эсебинде жеңишке жетишти

Күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнөлүк турнир 7-октябрь күнү Польшада башталып, 9-октябрга чейин уланат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0