Футбол боюнча КР курама командасы бүгүн Ливан менен күч сынашат

© Sputnik / Табылды КадырбековБеттеш алдында машыгып жаткан футболчулардын архивдик сүрөтү
Беттеш алдында машыгып жаткан футболчулардын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки мамлекеттин курамалары ушуну менен үчүнчү жолу беттешип жатат. FIFA рейтингинде Кыргызстандын курамасы 108-сапта турса, ливандыктар 143-орунда.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо бүгүн Кыргызстан менен Ливандын курама командалары саат 20.30да беттешет.

11-октябрда дагы кыргызстандык оюнчулар Түркмөнстандын курамасы менен ойнойт.

Балдар үйүнүн тарбиялануучусу, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан — Ливан оюнунан түшкөн 500 миң сом балдар интернатына берилет
Эки беттешке тең команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин 23 оюнчуну чакырган. Турнирге негизги курамдагы беш футболчу катышпайт. Алар: Валерий Кичин, Азамат Байматов, Даниэль Тего (бардыгы коргоочулар) жана жарым коргоочулар Ахлидин Исраилов менен Антон Землянухин.

FIFA рейтингинде КР курама командасы 108-орунда болсо, ливандыктар 143-сапта. Буга чейин курама командалар эки жолу беттешкен. Биринчи жолу 2000-жылы Иорданияда кездешип, анда ливандыктар 2:0 эсебинде жеңишке жеткен. Арадан тогуз жыл өткөндөн кийин командалар эл аралык Неру кубогунун алкагында жолугушуп, эсеп 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.

Бүгүн боло турчу беттеш расмий статуска ээ, андыктан анын жыйынтыгы FIFA рейтингине таасир берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0