Кыргызстандык жөө күлүк Казанда өткөн мелдеште алтын медаль алды

© Фото / пресс-служба Федерации триатлона КРКыргызстандык Александр Требунский Казанда өткөн алыска чуркоо мелдешинде алтын медалга ээ болду
Кыргызстандык Александр Требунский Казанда өткөн алыска чуркоо мелдешинде алтын медалга ээ болду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке 1500 адам катышты. Кыргызстандык спортчу 10 миң метрге чуркоо боюнча мыкты болду.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Александр Требунский Казанда өткөн алыска чуркоо мелдешинде алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу КРнын триатлон федерациясынан билдиришти. 

Триатлон мелдеши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда триотлон боюнча экинчи турнир башталды
1500 спортчунун катышуусундагы таймаш өткөн дем алышта Татарстандын Казань шаарынын борбордук көчөлөрүндө өттү. Мелдештер 3, 10 жана 21 чакырым аралык боюнча өткөрүлгөн. 

Кыргызстандык спортчу 10 миң метрди 36 мүнөт 5 секунддун ичинде чуркап өттү.

Буга чейин 20 жаштагы Требунский 29 жашка чейинки категорияда триатлон боюнча Россиянын кубогунда 3-орунду ээлеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0