Ливан футболчулары Бишкекке келди

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүГазондогу футбол топтору, архивдик сүрөт
Газондогу футбол топтору, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шейшемби күнү кечинде 6-октябрга белгиленген беттешүү үчүн машыгуу башталат.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Ливандын футбол боюнча курама командасы Бишкекке келди. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясы билдирди.

Кыргызстан менен Ливандын ортосундагы жолдоштук оюн бүрсүгүнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Беттеш Бишкек убактысы менен саат 20.30да башталат.

Делегациянын курамында 21 оюнчу менен машыктыруучу штабынын 9 өкүлү бар. Бүгүн кечинде Ливан командасы Миодраг Радуловичтин жетекчилиги астында алгачкы машыгууларын баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0