Кыргызстандык балбан Азия жээк оюндарында бешинчи медалды багындырды

© Sputnik / Табылды КадырбековГрек-рим күрөшү боюнча чемпионаты, архивдик сүрөт
Грек-рим күрөшү боюнча чемпионаты, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өлкө эсебинде бир алтын жана үч коло медаль чогулду. Медалдардын саны боюнча Кыргызстан 27-орунда келе жатат.

БИШКЕК, 3-окт — Sputnik. Кыргызстандык балбан Чыңгыз Керимкулов өтүп жаткан Азия жээк оюндарында өлкөнүн кутусуна бешинчи медаль алып келди. Бул тууралуу жарыштардын расмий сайтында маалымдалган.

Мелис Турганбаевдин ардагерлер арасындагы чемпионатка даярданып жаткан учуру - Sputnik Кыргызстан
Мелдешке барчу Мелис Турганбаев буттан чалып, көтөрүп чабуу ыкмаларын көрсөттү
Керимкулов кум үстүндөгү күрөш боюнча мелдешке 90 килограммга чейинки салмактык категорияда чыккан. Жалпысынан турнирге 2 топко бөлүнгөн 10 спортчу катышкан.

Кыргызстандык өзүнүн тобунда 4 атаандашын жеңип, финалдык жекеме-жеке күрөштө ирандык балбан Садатитиленбони Саййед Мохаммедке жеңилип калган. Жыйынтыктоочу эсепте атамекендик балбан коло медалга ээ болду.

Азия деңгээлинде өтүп жаткан Мультиспорттук иш-чара бул күндөрү (Вьетнам) Дананге шаарында болуп, бүгүн аяктоо алдында турат. Учурда Кыргызстан бир алтын жана үч коло медалга ээ болуп, сыйлыктын саны боюнча 27-орунда келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0