Футбол боюнча Кыргызстан — Казакстан беттеши тең эсеп менен аяктады

Жазылуу
Экинчи таймда Кыргызстандык Эрнист Батырканов аттандаштарынын дарбазына гол киргизсе, 90-мүнөтүндө казакстандык оюнчулар эсепти теңдеди.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-19) менен казакстандык оюнчулардын беттеши тең эсеп менен аяктады. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясы билдирди.

Жамгырдан улам 10 мүнөт кечигип башталган оюн Казакстандын Талгар шаарында болду. 

Беттештин биринчи таймы 0:0 эсебинде аяктап, экинчи таймдын 22-мүнөтүндө кыргызстандык Эрнист Батырканов аттандаштарынын дарбазына сокку узатып, эсепти ачты. Ал эми оюндун 90-мүнөтүндө казакстандык оюнчулар айып топ тээп, эсепте теңөөгө үлгүрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0