"Дордойдун" футболчусу Дэвид Тетте Бахрейн үчүн ойнойт

© Фото / пресс-служба ФФКР"Дордойдун" катарында 10 жылдан ашык ойногон чабуулчу Дэвид Теттенин архивдик сүрөтү
Дордойдун катарында 10 жылдан ашык ойногон чабуулчу Дэвид Теттенин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бахрейн клубунун катарында азыр бишкектик клубдун эки оюнчусу ойноп жатат. Тетте жаңы клуб тууралуу ойлору менен бөлүштү.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. "Дордойдун" катарында 10 жылдан ашык ойногон чабуулчу Дэвид Тетте команданын курамынан чыгып жатканын футбол клубдун маалымат кызматы билдирди.

КР курама командасынын чабуулчусу 31 жашташы Тетте Бахрейндин премьер-лигасы "Al-Ittihad Club" клубу менен бир сезондук келишим түздү.

Кыргызстандык оюнчу учурда аталган клубда бир жумадан бери ойноп жатканын айтты.

"Менде бары жакшы. Бул жакка келгениме бир жума болду, көнүп калдым. Команданы жергиликтүү мыкты машыктыруучу машыктырат. Менден көп нерсени күтүп жатканын айтты. Клуб мага жакшы шарт түзүп берди. Жаңы командада "25" номер менен ойноону каалайм. Азырынча бул чечиле элек", — дейт футболчу.

Ошол эле учурда "Дордойду" таштап кетүү ал үчүн оор болгонун айтты.

"Бул клубга мен дээрлик бардык карьерамды арнадым. Бирок, мен абалды өзгөртөйүн деп ушундай кадамга бардым. "Дордойдо" бардыгы жакшы болот жана алдыга койгон максаттарына жетет деп ишенем", — дейт Тетте.

Al-Hala клубунун курамында "Дордойдун" мурунку оюнчулары Дэниел Тэго менен Шерзот Шакиров ойнойт.

Дэвид Тетте "Дордойдо" ойноп жүргөндө Кыргызстандын алты жолку чемпиону, КР кубогунун беш жолку жеңүүчүсү, КР Супер кубогунун төрт жолку ээси болгон. Андан сырткары бир нече сыйлыктарды алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0