Кыргызстан — Ливан беттешине казакстандык арбитр калыс болот

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүФутбол беттешиндеги калстын архивдик сүрөтү
Футбол беттешиндеги калстын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюн 6-октябрь күнү Бишкекте өтөт.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстан менен Ливан командаларынын ортосундагы жолдоштук беттешти казакстандык 29 жаштагы Александр Алиев тейлей турганын Футбол федерациясы билдирди.

Оюн 6-октябрь күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, саат 20.30да башталат. 

Алиевге анын жердештери 29 жаштагы Сергей Васютин менен 30 жаштагы Самат Тергеусизов жардам берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0