Кыргызстандык атлеттер Бангладешке чакырылды

Жазылуу
Бангладештин Мас-рестлинг федерациясынын башчысы өз командасынын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусунан кийин кыргызстандыктарды чакырууну чечти.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бангладештин Мас-рестлинг боюнча федерациясынын башчысы Сенсей Мухаммад Ал Мамун кыргызстандык спортчуларды Дакка шаарында өтө турган эл аралык турнирге чакырды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Бангладештеги Канада университетинин эл аралык байланыштар боюнча директору Роза Мукамбетова кабарлады. 

© Фото / Роза МукамбетоваБангладештин Мас-рестлинг боюнча федерациясынын башчысы Сенсей Мухаммад Ал Мамун
Президент бангладешской федерации мас-рестлинга Сенсей Мухаммад Аль Мамун - Sputnik Кыргызстан
Бангладештин Мас-рестлинг боюнча федерациясынын башчысы Сенсей Мухаммад Ал Мамун

Анын айтымында, федерация башчысы Көчмөндөр оюндарынын масштабына абдан таңданган. Эми кыргызстандыктарды Даккада өтө турган турнирге келүүсүн чыдамсыздык менен күтүп жатат.

"Турнир Даккада Бангладеш өкмөтүнүн катышуусу менен ачылат. Мелдештер 7-11-декабрда Калькутта шаарындагы ири спорттук борбордо старт алат", — деди Мукамбетова.

Федерация президенти Ал Мамун Sputnik Кыргызстан агенттигине кыргыз спортчулары кунг-фу, муай-тая, каратэ, дзюдо жана жекеме жеке беттешчү спорттун башка түрлөрү боюнча катыша аларын билдирди.

"Чолпон-Атада өткөн оюндар мени ири турнирди уюштурууга шыктандырса, кыргызстандык спортчулар мени таң калтырды. Биз делегациянын жетекчисине жол акысын төлөп беребиз. Бардык спортчулардын жол киресин да төлөп берет элек, бирок тилекке каршы, азыр андай мүмкүнчүлүгүбүз жок. Кыргызстандан мас-рестлинг боюнча атлеттеринин келишин күтөбүз", — деп билдирди Ал Мамун.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Чолпон-Атада 3-8-сентябрда 62 өлкө спортчуларынын катышуусунда өткөн. ДКО-2016 программасына спорттун 26 улуттук түрү киргизилген. Кыргызстан командасы медалдын саны боюнча биринчи орунга чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0