КР жана Вьетнамдын жаш футболчулары плей-оффто таймашат

© Фото / пресс-служба ФФКРКыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр командасы
Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр командасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вьетнамдын курама командасы үчүн тең эсеп да жарай берсе, Кыргызстанга жеңиш абадай зарыл.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Азия чемпионатында (U16) плей-оффто калган орундар үчүн Кыргызстан өспүрүмдөр командасы вьетнамдык курбалдаштары менен беттешет. Таймаш Индиянын Гоа штатында өтөт.

Тайпалык баскычтагы биринчи оюнда биздин курама команда Австралияны 1:0 эсеби менен уткан. Ал эми экинчиде япониялык атаандаштарына жеңишти 0:8 эсеби менен алдырып жиберген. 

"В" тайпасындагы үчүнчү айлампада алдыда Япония келатат. Алардан үч упай менен артта вьетнамдык жана кыргызстандык топ бар. Эки команда тең кийинки баскычтагы орун үчүн беттешет. Буга чейинки упайлары вьетнамдыктарга тең эсепке да ыраазы болууга жол берсе, Кыргызстандын курама командасы үчүн бул таймашта жеңиш абдан маанилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0