БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Индияда футбол боюнча уландар арасындагы Азиянын чемпионаты башталганы турат.
Бүгүн улуттук курама командасы Азиядагы күчтүү атаандаш болгон Австралия менен ойномокчу. Бишкек убактысы боюнча беттешүү саат 16:30да башталат. Андан тышкары, Кыргызстан менен бирге тайпада Япониянын жана Вьетнамдын курамасы бар.
Кыргызстандыктар ак формада, ал эми австралиялыктар сары форма кийишет.
Кыргызстан биринчи орундан Азия чемпионатынын финалына чыкты. Квалификациялык оюндар Бишкекте өткөн.