КРдин 16 жаштагы балбаны Грузиядагы таймашта дүйнө чемпиону аталды

© © United World Wrestling 2016Тбилисиде өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатта грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасында 16 жаштагы Акжол Махмудов
Тбилисиде өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатта грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасында 16 жаштагы Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык жаш балбан 69 килограммдык категорияда беттешкен.

БИШКЕК, 15–сен. — Sputnik. Тбилисиде өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатта грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасында 16 жаштагы Акжол Махмудов алтын медалды багындырды. Бул тууралуу Бириккен дүйнөлүк күрөштүн расмий сайтында кабарланды. 

Кыргызстандык жаш балбан 69 килограммдык категорияда чыккан.

Кыргызстандык спортчу Жыргалбек Орозбаев - Sputnik Кыргызстан
Жыргалбек Орозбаев Паралимпиада оюндарында 6-орунга татыды
1/8 финалдык күрөштө Махмудов армениялык балбанды жеңип, ал эми чейрек финалда япониялык спорчуну утуп алган. Жарым финалдык күрөштө белоруссиялык балбанды тизелетсе, финалда азербайжандык Улву Ганизаде менен беттешип, 5:3 эсебинде жеңип алды.

Грек-рим күрөшү боюнча турнир 14-сентябрда Тбилиси (Грузия) шаарында башталып, 18-сентябрдаи жыйынтыкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0