Азия чемпионатында КРдин кикбоксчулары алдына киши салдырган жок

Жазылуу
Кыргызстандыктар 9 медалга ээ болушту, алардын ичинде төртөө — алтын.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Кикбоксинг боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия чемпионатынын К-1 бөлүмүндө биринчи орунду багынтышты. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Боксчулар беттеш беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык мушкерлер Азия чемпионатында үч медаль алышты
Чемпионат 2-8-сентябрь күндөрү Түштүк Кореяда өткөн. Ага Азиянын 45 өлкөсүнүн спортчулары катышты. Чемпионаттын жыйынтыгында кыргыз спортчулары төрт алтын, эки күмүш жана үч коло медаль, жалпысынан — 9 медаль тагынышкан. 

Алтын медаль алгандар — Алексей Федосеев (63 килограммовчейин), Эрик Воинов (67 чейин), Руслан Мусаев (81), Шахриза Халилова (56). Ал эми күмүш медалга Адилет Бекжан уулу жана Олжобай уулу Кудайберди ээ болушту. Келечек Оросбек уулу, Таласбек Нуралиев жана Бактыгүл Абдисаламова коло медаль менен кайтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0