Азия чемпионатынын алкагында Кыргызстан Австралия менен беттешет

© Фото / пресс-служба ФФКРКыргызстандын футбол боюнча курама командасы (U-16). Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы (U-16). Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өспүрүмдөр арасындагы турнирге Кыргызстан алгачкы ирет катышууда.

БИШКЕК, 13-сен. —Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы (U-16) Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясы билдирди. 

Турнир Индиянын Гоа штатында өтүп, 16-сентябрь күнү Кыргызстандын курама командасы Австралиянын оюнчулары менен беттешет. 

Эске сала кетсек, Кыргызстан В тайпасына түшкөн. Аталган тайпада Япония, Австралия жана Вьетнам командалары бар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0