"Барселонанын" чабуулчусу Неймар ырчы болмой болду

© Sputnik / Мария Плотникова / Медиабанкка өтүүИспаниянын "Барселона" футбол клубунун чабуулчусу жана Олимпиада чемпиону Неймар. Архив
Испаниянын Барселона футбол клубунун чабуулчусу жана Олимпиада чемпиону Неймар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзүнүн алгачкы чыгармасын Бразилия командасынын капитаны жана "Барсанын" четки чабуулчусу жакынкы күндөрү элге алып чыгат.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Испаниянын "Барселона" футбол клубунун чабуулчусу жана Олимпиада чемпиону Неймар музыкалык карьерасы башталганын жар салды. Бул тууралуу спорттук-маалыматтык The Goal.com сайты билдирди. 

"Достор, мен музыкалык карьерамды баштап жатам. Шаршемби күнү алгачкы ырымды жаздырам. Буюрса, сахнага чыгам", — деп футболчу Twitter баракчасына жазды.

24 жаштагы Неймар 2013-жылдан бери Барселона үчүн ойноп келет. Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарында Неймардын жетекчилиги менен Бразилиянын командасы алтын медаль тагынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0