КРдин футбол боюнча курама тобу FIFA тизмесинде беш сапка ылдыйлашы мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курама топтун буга чейинки эң мыкты көрсөткүчү 100-орун болуп эсептелет.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. football-rankings.info сайтындагы маалыматка караганда Кыргызстандын футбол боюнча курама тобу FIFA уюмунун сентябрь айындагы рейтингинде беш сапка төмөндөп, 110-орунду ээлеши ыктымал. 

Футбол фанаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын футбол кубогунун финалдык беттешине билеттер 100 сомдон сатылат
Улуттук команда 7-апрелде беш сапка алдыга жылып 100-орунду ээлөө менен өздүк рекорд жараткан. Бул көрсөткүч май айында дагы сакталган. Бирок июнь айында курама топ 111-орунду ээлөө менен артка кеткен. Ал эми июль айында кайрадан алдыга жылыш байкалып, 104-орунду камсыздашкан. 

Сайттын аналитиктеринин пикирине караганда FIFA уюмунун жаңыланган рейтингинде Кыргызстандын курама тобу беш сапка артка жылып 110-орунду ээлеши ыктымал. Упайлардын саны 17ге кыскарып, учурда куржунда жалпы эсеп менен 324 упай бар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0