Паралимпиада-2016: кыргызстандык спортчу чоюн ыргытууда 9-орунду ээледи

© Фото / пресс-служба ГАМФКиСКыргызстандын атынан Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан паралимпиада оюндарына катышкан Арстанбек Базакулов. Архив
Кыргызстандын атынан Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан паралимпиада оюндарына катышкан Арстанбек Базакулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан он спортчу күч сынашып, кыргызстандык Базаркулов чоюнду 7 метр 39 сантиметр аралыкка ыргыткан.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Кыргызстандын атынан Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан паралимпиада оюндарына катышкан Арстанбек Базакулов чоюн ыргытуу боюнча акыркы орунду алганын оюндардын расмий сайтында маалымдалды.

Спортсмен в Олимпийской деревне в преддверии XV летних Паралимпийских игр 2016 в городе Рио-де-Жанейро. - Sputnik Кыргызстан
Паралимпиадада жеңишке жеткен КР спортчулары 7 млн. сом менен сыйланат
Алтын медалды Катар мамлекетинен келген Абдулрахман Абдулрахман 11 метр 11 сантиметр ыргытып камсыздаган. Күмүш байгени 11 метр 1 сантиметр аралыкка чоюнду ыргыткан марокколук Азеддин Ноури татыган. Коло медалды кытайлык спортчу алды (10 метр 86 сантиметр). Кыргызстандык спортчунун ыргыткан чоюну 7 метр 39 сантиметр аралыкка түшкөн.

Базаркулов мамлекет тарабынан каралган сыйлыктарга илинбей калды. Өкмөттүн токтомуна ылайык, биринчиден сегизинчиге чейин орун алгандарга мамлекет тарабынан атайын сыйлыктар каралган болчу.

Буга чейин паралимпиадачы Эсен Калиев пауэрлифтинг боюнча бешинчи орунду алган эле. 

Паралимпиада оюндарында Кыргызстандын атынан үч спортчу катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0