Кыргызстандын футбол кубогунун финалдык беттешине билеттер 100 сомдон сатылат

Жазылуу
Финалдык беттеш 18-сентябрь күнү саат 18:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Бишкектин "Дордой" клубу менен Оштун "Алай" командасынын беттешине билеттер 100 сомдон сатылат. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясы билдирди.

Кыргызстан кубогунун финалдык оюну 18-сентябрь күнү саат 18:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Былтыр Кыргызстандын кубогун Кант шаарынын "Абдыш-Ата" клубу утуп алган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0