Ат майданда көк бөрүнүн финалдык беттеши башталды

Жазылуу
Бул оюнда буга чейин эки тайпада атаандаштарын жеңип чыккан Кыргызстан менен Казакстандын улакчылары кезигүүдө.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү турниринин финалдык беттеши башталды. Кыргызстан менен Казакстандык улакчылары Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда күч сынашып жатат. Бул тууралуу кабарчыбыз жеринен билдирди.

Этнофестиваль на ипподроме в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюнунун жабылыш аземин Sputnik Кыргызстан түз алып көрсөтөт
Белгилей кетсек, көк бөрү турниринде Кытайдын "Ала-Тоо" командасы үчүнчү, Башкыртстандан келген улакчылар төртүнчү орунду алышкан.

Финалдык бөлүк бүйүр кызыткан учурлар менен башталып, Кыргызстан курамасынын жигиттери билек түрө оюнга киришти.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0