ДКО: 2400 метр аралыкта алдыңкы эки орунду Нарындын күлүктөрү алды

Жазылуу
Буга чейинки кыска аралыкка ат чабышта Казакстандан келген күлүк биринчи болгон.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Аралыгы 2400 метр болгон ат чабышта биринчи орунду Нарындан келген "Дайген Даймонс" күлүгү ээледи. Ал аталган аралыкты 2 мүнөт 44 секундада басып өтүп биринчи болуп келди. Күлүктү Абаскан Каныбек уулу чапты. 

Жирит оюну - Sputnik Кыргызстан
ДКОнун акыркы күнү: ат чабыш, көк бөрү жана жабылыш азем
Ал эми экинчи орунду дагы Нарындын күлүгү илип кетти. Аны Мурдан Шамшембаев аттуу чабандес чапты. Үчүнчү орунду Казакстандын күлүгү ээлеп, чабандес Эдил Хусейинов мыктылыгын көрсөттү. 

Байгеге 9 күлүк катышып, 2400 метр аралыкка чуркашты.

Эске сала кетсек, кыска аралыкка атчабыш боюнча биринчи орунду Казакстандан келген күлүк алган.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0