ДКО: кунан чабышта Нарындын Тайторусу алдына ат салдырган жок

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүАт чабыш. Архив
Ат чабыш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан кунан чабышта 28 күлүк 11 чакырымга чуркады.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кунан чабышта Нарындын Тайтору күлүгү алдына ат салдырган жок. Бул тууралуу кабарчыбыз жеринен билдирди. 

Жирит оюну - Sputnik Кыргызстан
ДКОнун акыркы күнү: ат чабыш, көк бөрү жана жабылыш азем
Ал эми экинчи орунду Жалал-Абаддын Каракөз күлүгү алса, үчүнчү орунду Ысык-Көлдүн Сантанико аты илип кетти. Марага биринчи болуп келгендерди "Аргымак" федерацисынын президенти Болот Тыналиев сыйлады.

Мындан тышкары, эки күлүк жарыштан четтетилди.

Көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан кунан чабышта 28 күлүк 11 чакырымга чуркады. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0