ДКОнун акыркы күнү: ат чабыш, көк бөрү жана жабылыш азем

Жазылуу
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын акыркы күнүндө көрүүчүлөр ат чабыштын бир нече түрүнө күбө боло алышат. Мындан тышкары интеллектуалдык спорттун түрлөрүнүн жыйынтыктары чыгарылат.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бүгүн II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи өтөт. Акыркы күнү бир катар финалдык беттештерде жеңүүчүлөр аныкталат. 

Ат чабыш:

  • 10.10-10.25 — үч жаштан жогору аттардын чабышы;
  • 10.30-10.55 — кунан чабыш (2-3 жаштагы аттардын чабышы);
  • 11.00-11.35 — жорго салыш
  • 11.40-12.25 — ат чабыш (ар кайсы жаштагы аттардын 22 чакырымга чуркашы).

Мындан тышкары, эки башкы финал өткөрүлөт: 9.00дөн 11.00гө чейин — тогуз коргоол (кыргыздардын интеллектуалдык оюну), 11.00дөн 12.00гө чейин мангала (тогуз коргоолдун түрк эрежелери менен өтүшү).

Торжественное открытие Вторых Всемирных игр кочевников в Бактуу Долоноту - Sputnik Кыргызстан
Эбетс Муррури: Зимбабве менен Кыргызстандын жаратылышы окшош экен
12.30дан 14.30га чейин көк бөрү боюнча финалдык беттеш. Жеңиш үчүн кыргыз-казак курама топтору күч сынашат. 

17.00дөн 18.00гө чейин алыш күрөшү боюнча беттеш өткөрүлөт. 

Жабылыш азем Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо өткөрүлөт. 

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 62 мамлекеттен келген спортчулардын катышуусунда 3-8-сентябрь аралыгында өтүп жатат. ДКО-2016нын программасына улуттук спорттун 26 түрү кирет. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Көчмөндөр оюндарынын медиа өнөктөшү болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0