КР футболчуларынын эмки оюну бир айдан кийин болот

© Sputnik / Табылды КадырбековФутболчулар машыгуу учурунда. Архив
Футболчулар машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук команда 6-октябрда ливандыктар менен беттешет.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстан курама командасынын футбол оюнун күйөрмандар бир айдан кийин көрө алышат. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан — Ливан жолдоштук беттешүүсү өтө турганын Футбол федерациясынын маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстан курама командасынын футболчулары Казакстан командасы менен беттеш учурунда - Sputnik Кыргызстан
Президент Атамбаев Кыргызстан футболчуларынын жеңишине кубанды
Эскерте кетсек, оюн Ливандагы президенттик шайлоого байланыштуу октябрь айына жылдырылган. 

Ал эми 6-сентярда Филиппинге каршы оюн болуп өттү. Мында 2:1 эсебинде Филиппин курама командасы кыргызстандыктарды жеңип алды.

Буга чейин 30-июнда Кыргызстан — Казакстан жолдоштук беттешүүсү болгон. Бул оюн 2:0 эсебинде Кыргызстандын жеңиши менен жыйынтыкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0