ДКО: эр эңиштин финалын кыргыз балбан жеңип алды

© Sputnik / Табылды КадырбековЭр эңиш — эки балбандын ат үстүндөгү алышуусу
Эр эңиш — эки балбандын ат үстүндөгү алышуусу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир эле учурда таймашка Кыргызстан, Казакстан, Россия, Кытай, Венгрия, Монголия жана Афганистан өлкөлөрүнүн ар кайсы салмактагы спортчулары чыгышты.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан эр эңиш боюнча беттеште кыргызстандык балбан алтын медаль утуп алды.

Алтын медаль үчүн 70 килограмм салмак категориясындагы кыргызстандык 23 жаштагы Калыбек Бузурманкул уулу казакстандык 25 жаштагы балбан Эрназар Байгоноев менен беттешке чыккан. Айыгышкан кармашуунун натыйжасында кыргызстандык спортчу жеңишти эңип кетти. 

Театрализованное шоу в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Олимпиаданын "түгөйү": Көчмөндөр оюну дүйнөлүк ЖМКнын видеосунда
Бир эле учурда эр эңиш боюнча Кыргызстан, Казакстан, Россия, Кытай, Венгрия, Монголия жана Афганистан өлкөлөрүнүн ар кайсы салмактагы спортчулары дагы кармашка чыгышты. 

90 килограммдык салмакта кыргыз-казак спортчулары беттешке чыгып, алтын медалды казак боордош жеңип кетти. Ал эми коло медалга кытайлык Башан Мухбили уулу татыктуу болду. Ушул эле салмактык категорияда дагы бир кыргыз-казак спортчусу кармашып жеңишти казак балбан илип кетти. Коло медаль афганистандык Ташкургани Гулбодинге тийди. 

Эр эңиш — эки балбандын ат үстүндөгү алышуусу. Бул оюн-шооктун келип чыгуусу ат үстүндөгү салгылашуусунда куралынан тигил же бул себеп менен ажырап калган жоокерлердин ат үстүндөгү кармашуусуна шартталган. Жоокерчилик заман үчүн бул алышуу өтө зарыл болгондуктан, бара-бара каршылаштардын бул алышуусу аскердик-прикладдык оюндардын катарына кирип, бүгүнкү күнгө чейин ойнолуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0