ДКО: көк бөрү турниринде Кытайдан келген команда үчүнчү орунду ээледи

Жазылуу
Финалдык беттештер эртең өтүп, анда Кыргызстан менен Казакстандын командалары баш байгени талашат.

ЧОЛПОН-АТА, 7-сен. — Sputnik. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан көк бөрү турниринде Кытайдын "Ала-Тоо" командасы үчүнчү орунду ээледи.

Көк-бөрү катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Биринчи орунга чыккан Кыргызстан жана дүйнөлүк рекорд: көчмөндөрдүн үчүнчү күнү жыйынтыкталды
Аталган команда менен Башкыртстандын көк бөрүчүлөрү 3-орун үчүн ойноп, кытайлыктар тай казанга 18 ирет улак таштаса, россиялыктар болгону эки гана жолу өзгөчөлөнүштү. Ошентип 18:2 эсеби менен "Ала-Тоо" командасы үчүнчү орунду алса, Россиянын Башкыртстанынан келген оюнчулар 4-орунду камсыздашты.

Эске сала кетсек, финалдык беттештер эртең, 8-сентябрда болот. Анда кыргыз спортчулары менен Казакстандан келген көк бөрүчүлөр күч сынашат.

Көчмөндөр оюндары 8-сентябрь соңуна чыгат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0