Кыргыз футболчулары филиппиндиктерге жеңилип берди

© Фото / пресс-служба ФФКРКыргызстандын курама командасы. Архив
Кыргызстандын курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук команданын машыктыруучусу Александр Крестинин кыргызстандык футболчулар үчүн бул ийгиликсиз күн болгонун айтты.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама тобу филиппиндиктер менен болгон жолдоштук оюнда жеңилип к5алышты. 

Оюн мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укугун коргоого арналып, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. 

Биринчи таймда кыргыз курама тобу мыкты оюн көрсөтө алды. Мирлан Мурзаев каршылаштарынын дарбазасына бир нече ирет чабуул жасаганы менен майнап чыкпады. Таймдын орто ченинде ыңгайлуу учурду Виталий Люкс колдоно алган жок. Голкипердин бурчтан урган соккусу ийгилик алып келбеди. 

Дээрлик биринчи таймдын акырына чейин филиппиндиктер коргонуу позициясын карманышты. Бирок 43-мүнөттө Кевин Ингресо Кыргызстандын дарбазасына гол киргизүүгө жетишти. Экинчи таймдын 53-мүнөтүндө филиппиндиктер экинчи гол киргизишти. 

Ал эми оюндун 60-мүнөтүндө кыргызстандык Виталий Люкс филиппиндиктердин дарбазасына топ киргизип, натыйжада 1:2 эсебинде кыргыз курама тобу жеңилүүгө дуушар болду.

Ал эми улуттук курама топтун машыктыруучусу Александр Крестинин кыргызстандык футболчулар үчүн бул ийгиликсиз күн болгонун айтты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0