БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Британиялык The Telegraph басылмасы эң көп айлык алган футбол клубдарынын машыктыруучуларды тизмектеп чыкты. Аны алдыңкы катарын "Манчестер Ситинин" машыктыруучусу Хосеп Гвардиола ээледи.
Ал ушул жайдын жыйынтыгы менен 15,3 миллион фунт стерлинг тапкан.
Алдыңкы үч сапка "Бавариянын" машыктыруучусу Карло Анчелотти жана "Манчестер Юнайтеддин" жаңы жетекчиси Жозе Моуринью кирди. Алар 12,6 миллион жана 12,3 миллион фунт стерлинг табышкан.
Алдыңкы катарга кирген машыктыруучулар:
- Арсен Венгер, "Арсенал" (Лондон) – 8,9 миллион фунт;
- Луис Энрике, "Барселона" – 7,2 миллион фунт;
- Юрген Клопп, "Ливерпуль" – 7 миллион фунт;
- Антонио Конте, "Челси" – 6,6 миллион фунт;
- Рональд Куман, "Эвертон" – 6 миллион фунт;
- Диего Симеоне, "Атлетико" – 5,1 миллион фунт;
Ондукта "Реалдын" машыктыруучусу Зинедин Зидан да бар. Ал 4,6 миллион фунт стерлинг алган.