09:51 25 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Ат чабыштын жыйынтыгы боюнча биринчи орунду ээлеген Чолпон-Атадагы Асанбек ата ат заводунун Ак кула күлүгү жана анын чабандеси Жеңиш Батыркулов

Кырчындагы ат чабышта Ысык-Көлдүн "Ак кула" күлүгү марага биринчи болуп келди

© Sputnik / Исмаил Мамытов
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары (244)
91630

Ал эми экинчиликти Чүйдүн күлүгү алса, үчүнчү орунду Таластан келген чабандес багындырды.

КЫРЧЫН, 6-сен. — Sputnik. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан ат чабыш жыйынтыкталып, марага тогузунчу номерлүү Чолпон-Атадагы "Асанбек ата" ат заводунун "Ак кула" аттуу күлүгү биринчи болуп келди.

"Ак куланы" алкынтып чабандес Жеңиш Батыркулов чапты. Ал эми экинчи орунду алтынчы номерлүү Кара-Балта шаарынан келген Алмазбек Ногойбаевдин "Нооруз" күлүгү багындырды. Анын чабандеси — Чыңгыз Иманалиев. 

Үчүнчү орунду Талас обулсундагы 113-ат заводунун "Көк серек" аттуу жылкысы ээледи. Анын чабандеси — Рыспек Карыпов.

Ушул тапта калган күлүктөр марага жете элек. Мелдештин жыйынтыгы менен 1-орунга 400 миң сом, 2-орунга 150 миң сом, 3-орунга 100 миң сом, 4-орунга 80 миң сом, 5-орунга 60 миң сом, 6-орунга 40 миң сом, 7-орунга 20 миң сом сыйлык берилет.

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү болуп саналат.

Тема:
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары (244)

Тема боюнча

Россиялык чабандес кыз: ат чабышта бактыбызды күлүктөр чечет
ДКОнун бүгүнкү программасы: эр эңиш, күрөш жана ат чабыш
Белгилер:
ат чабыш, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Чолпон-Ата
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ