Көчмөндөр оюну: Кырчын жайлоосунда ат чабыш башталды

© Sputnik / Исмаил МамытовАт чабыш боюнча спортчу
Ат чабыш боюнча спортчу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин ат спорту боюнча федерациясынын вице-президенти Манас Султанов кыргыз аргымактарынын байгени утууга мүмкүнчүлүгү чоң экенин билдирди.

КЫРЧЫН, 6-сен. — Sputnik. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда чоң ат чабыш башталды. 

КРдин Ат спорту боюнча федерациясынын вице-президенти Манас Султанов кыргыз аргымактарынын байгени утууга мүмкүнчүлүгү чоң экенин билдирди.

"Аралыгы 80 чакырымга созулган ат чабыш башталды. Бул жерде Кыргызстандан сырткары Россия, Казакстандан келген 23 чабандес бар. Байге фонду 800 миң сомду түздү. Биринчи орунга келгенге 400 миң сом берилет. Калган акча жетинчи орунга чейин бөлүп берилет", — деди Султанов.

Ал казакстандыктар арабдардын асыл тукум күлүктөрүн алып келгенин кошумчалады.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0