Бүркүт салуу, жаа атуу жана күрөш — Көчмөндөр оюндарынын бүгүнкү программасы

Жазылуу
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын үчүнчү күнү күрөштүн эки түрү жана бүркүт салуу боюнча мыктылар аныкталмакчы. Андан сырткары интеллектуалдык спорттун түрү боюнча алгачкы оюндар башталат.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында бүгүн дагы улуттук спорттун түрү боюнча мелдештер өтөт.

Ага ылайык, саат 10:30дан 11:30га чейин түркмөн улуттук күрөшү – гореш боюнча финалдык беттеш өтөт.

Саат 17:30дан 18:30га чейин гүлеш боюнча (азербайжан күрөшү) жеңүүчүлөр аныкталат.

Спортсмены во время соревнований по мас-рестлингу среди мужчин на всемирных игр кочевников на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндары: таяк тартыштан эң көп алтынды россиялыктар алды
Ал эми саат 13:00дөн 17:30гө чейин үндөк (Бүркүттүн саяпкердин колуна келип конгон убактысы эске алынат), чырга (Бүркүттүн учуу ылдамдыгы жана убактысы эске алынат) жана далба ойнотуу боюнча финалдык беттеш болот.

Ошондой эле тогуз коргоол жана көк бөрү боюнча алгачкы оюндар дагы башталат. Андан сырткары мангала (тогуз коргоолдун түркчө варианты) жана жаа атуу боюнча дагы мелдештер өтөт.

8-сентябрга чейин улана турган оюндарга 62 мамлекеттин өкүлдөрү келип, улуттук спорттун 26 түрү боюнча күч сынашат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0